Биз жөнүндө

«Фаиза» кафеси алыскы 1998-жылы ачылган, андан бери, биздин аракеттерибиздин жана конокторубуздун колдоосунун аркасы менен, биз экинчи кафе ача алдык, ал эми «Фаиза» аталышы атамекендик брендге айланды. Биз кардарларыбызды кантип өзүбүзгө тартабыз? Биз бардык нерсе жан дилден мамиле кылабыз — конокторго, салттарга жана маанайга. Бизде кардарларды дайыма жылуу кабыл алышат. Кафеде даярдалган тамак-аштарды ала турган болсок, негизги басымды биз чыгыш ашканасына кылабыз. Анткени ал биздин өлкөдө жана бүтүндөй Орто Азияда эң чоң суроо талапка ээ. Күнүгө бизге ар кандай курактагы жана кесиптеги адамдар келишет – мектеп окуучулары жана студенттер, жубайлар, карыган адамдар, ири бизнесмендер, мамлекеттик кызматкерлер.
«Фаизага» чет элдик коноктор да көп келишет, биздин даамдарды татып көргөндөн кийин, абдан жактырып, таң калып кеткендери көп. Саякатчылар үчүн Trip Advisor белгилүү порталында биздин кафе жөнүндө кээ бир туристтердин мындай деп жазылган пикирлери бар:

  • «Фаиза» — чыгыш ашканасынын эң сонун даамдарды абдан жакшы баада сатылган кафе. Бул жерде дайыма адамдар көп. Ортоазиялык тамактардын даамына моокум кана турган жер. Сөзсүз кире кеткиле!»
  • «Фаиза» кафесинде биз Кыргызстандагы эң сонун тамактарды татып көрдүк. Шамдагай жана жагымдуу маанайда тейлешет. Баалары кубандырат. Түштөнүп алууга эң жакшы жер. Бул жерде арак ичилбегени жана тамеки тартылбаганы кубандырат».
  • «Салттуу ортоазиялык тамактарды татып көргүңүз келсе, бул жер сиз үчүн. Баалары эң эле ыңгайлуу. Менюсу абдан бай».
  • «Биз бул жерден түшкү тамак ичип, тамактардын даамынан ырахаттандык: лагман, манты, самсы жана салаттар. Бул жерде таза жана ыңгайлуу, баалары жеткиликтүү, тейлөөсү да жакшы. Жергиликтүү даамын татып көрүү үчүн эң сонун жер».
  • «Мен бул жерге түшкү тыныгуу убактыларында келип турдум. Бул жердин тамагы абдан даамдуу. Мага жагат. Бардыгына бул кафени сунуштайм!»

Албетте, мындай пикирлер бизди кубандырбай койбойт. Жана бул тамактарды даярдоонун жана тейлөөнүн жогору сапатын сактоого бизге дайыма жардам берет.
Биздин ашпозчулар — өз ишинин чыныгы чеберлери, чыгыш жана европалык ашкананы мыкты билишет. Конокторду тейлөө үчүн, буйрутмаларды кабыл алуунун эң заманбап системалары колдонулат, бул күтүү убактысын бир кыйла кыскартууга жардам берет.
Жайдары жана ыкчам тейлөө, ошондой эле ар түркүн, дүйүм тамактар Сиздердин ырахаттуу эс алууңуздарды камсыздайт, ал эми жеткиликтүү баалар Сиздерди жагымдуу таң калтырат. Биздин менюда сунушталган бардык тамактар жаңы жана сапаттуу азыктардан даярдалат, биздин принциптерге ылайык, жарым фабрикаттар жана даам күчөтүүчү кошулмалар колдонулбайт. Биз тамактарды жасоодо колдонулган эт, Кыргызстанда өндүрүлөт. Сиздер дайыма биздин тажрыйбалуу жана камкор персоналдын жардамына таяна аласыздар: алар Сиздерге ар бир тамак жөнүндө жана аны даярдоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришет.
«Фаиза» кафесинин негизги концепциясы – даамдуу жасалган чыгыш жана европа тамак-аштары сиздерге ыңгайлуу, жылуу маанайда жана жагымдуу тейлөө менен сунушталат. Конокторго сыйлуу жана жайдары мамиле, салттарды сыйлоо жана классикалык рецептураны сактоо – «Фаиза» кафеси бекем туткан эрежелер мына ушулар.
«Фаизанын» интерьери чыгыш стилинде жасалгаланган. Жасалгалоодо колдонулган жылуу түстөр жакшы маанай тартуулайт. Залдар ортоазиялык элдердин тиричилик буюмдары менен кооздолгон. Имараттын шыптары кол менен тартылган оймо-чиймелер менен кооздолгон.
Кафе Халалдын бардык ченемдерине жооп бериши да абдан маанилүү.
Бизде жеткирип берүү кызматы да ийгиликтүү иштейт. Биздин менюда сунушталган тамактардын бардыгын Сиздерге ыкчам жеткирип бере алабыз.
Биздин кафелердин ар биринде Сиздерди кайрадан кабыл алууга биз дайыма кубанычтабыз!